Конференцияга билдирме тапшыруу
Сиздерди алдыда боло турчу ALTI 2025 конференциясына өзүңүздөрдүн изилдөөлөрүңүздү тематикалык сереп жана пркатикалык иштеп чыгууларыңыз менен бөлүшүүгө чакырабыз. Сиздин көз карашыңыз билим алмашууну байытат жана талкууланып жаткан темаларды терең түшүнүүгө жаңы жолдорду ачат. Ошондой эле жаңы идеялардан шыктанып, маанилүү талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк аласыз.
Өзүңүздүн билдирмеңизди жиберүү менен эл аралык конференциянын катышуучусу болуп, дүйнө жүзүндөгү кесиптештериңиз менен идеяларыңызды бөлүшүңүз!

Катышуунун форматтары:

Презентация
илимий изилдөөлөрдүн талкуулары, китепкана долбоорлору же мыкты тажрыйбалар (убактысы - 20 мүнөт).
Панелдик талкуу
белгилүү бир тема боюнча ар түрдүү көз караштарды жана ыкмаларды сунуш кылган интерактивдүү сессиялар. Авторлор сессиянын темасын сунуштап, модераторду кошкондо 5 катышуучуга чейин чакырууга мүмкүнчүлүгү бар (убактысы -60 мүнөт).
Семинар же мастер-класс
окутууну же тайжрыба алмашууну камтыган интерактивдүү практикалык сессиялар (убактысы -60 мүнөт).
Постер
атайын постер сессиясында көрсөтүлө турган кыскача визуалдык презентациялар.
Жаңы форматтар
Эгерде сиздин ишиңизди көрсөтүүдө баяндамалар же панелдик талкуу сыяктуу салттуу ыкмалардан тышкары инновациялык идеяңыз болсо сунуштасаңыз болот. Биз өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба бөлүшүү же талкууларды жеңилдетүүнүн жаңы ыкмаларын колдойбуз.

Билдирме тапшыруу
Бир нече баяндамачылар үчүн көрсөтмөлөр
Презентацияга бир нече баяндамачылар катышканда, алардын бирөөсү негизги баяндамачы катары, сунуштоодо жана уюштуруучулар менен байланышууда жооптуу болуусу зарыл.
Тапшыруу мөөнөтү
Бардык билдирмелер 2024-жылдын 11-декабрына чейин кабыл алынат.
Кечигип түшкөн материалдар каралбайт. Эрте тапшыруулар өзгөчө бааланат, себеби алар карап чыгуу процессин жеңилдетет.
Билдирмелерди кароо жана билдирүү
Конференциянын негизги багыттарын, актуалдуулугун, сапатын жана шайкештигин камсыз кылуу максатында билдирмелер конференция комитети менен чакырылган рецензенттер тарабынан каралат.
Билдирмелер жөнүндө маалыматтар төмөнкү натыйжалардын бирин көрсөтүү менен, 2025-жылдын 10-январына чейин жөнөтүлөт:
  • Программага кабыл алынды.
  • Сунушталган өзгөртүүлөр менен бирге, оңдоолор менен кабыл алынды.
  • Программага кабыл алынган жок.

Кабыл алынган билдирмелер конференциянын пландаштырылган күндөрүндө (2025-жылдын 12-13-июнь) программага киргизилет. Катышуучулар үчүн презентацияны даярдоо көрсөтмөлөрү алдын ала жөнөтүлөт.
Конференциянын материалдары
Конференциянын материалдары БААУнун санариптик репозиторийинде Creative Commons ачык лицензиясы менен чыгарылат.
Байланыш
Суроолоруңуз болсо, же билдирмени тапшыруу учурунда жардам керек болсо alti2025@auca.kg электрондук дареги аркылуу байланышыңыз.
© Баардык укуктар сакталган. AUCA ALTI 2025.