Өтүлүүчү орду
Конференция Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) тарабынан өткөрүлөт.
Борбордук Азиядагы Америка Университети
1993-жылдан азыркы учурга чейин
Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында жайгашкан коммерциялык эмес жогорку окуу жайы.
2015-жылы БААУ, шаардын борборунда жайгашкан эски кампусунан шаардын түштүк тарабында тоолорго жакыныраак жайгашкан жаңы кампусуна көчүрүлгөн.

2017-жылы БААУ Америка окуу жайларынын жана университеттеринин архитектуралык сынагында жогорку билим берүүнүн мыкты дизайны үчүн Луис И.Кан атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. 2017-жылдагы сынактын калыстар тобу жергиликтүү маданиятка ылайык, кампустун фасадынын материалдарынын, формаларынын жана түстөрүнүн ийгиликтүү айкалышын, ошондой эле имараттын инновациялык планын жана жагымдуу симметриясы менен динамикалык интерьерди баалашкан. БААУнун жаны кампусунун сүрөттөрү “American School & University" журналында жарыяланган.

БААУ 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (КМУ) бизнес жана укукка багытталган Кыргыз-Америка факультети (КАФ) катары ачылган. Динамикалык өсүштүн натыйжасында 1997-жылы Кыргызстандын Президентинин жарлыгы менен аталган факультет Кыргызстандагы Америка университети (AУK) болуп, анын башкаруу органы катары көз карандысыз, эл аралык камкорчулар кеңеши түзүлгөн. 2002-жылы университеттин кеңейтилген миссиясынын жана көз карашынын негизинде, камкорчулар кеңеши университеттин аймактык маанисин жакшыраак чагылдыруу үчүн атын Борбордук Азиядагы Америка университети деп өзгөрткөн.

БААУнун миссиясы Борбордук Азияны демократиялык жактан трансформациялоо үчүн келечектеги лидерлерди даярдоо болуп саналат. Кампус студенттерди жана окутуучуларды 21-кылымда ийгиликтүү атаандашуу үчүн зарыл болгон инфраструктура жана технологиялар менен камсыз кылат.

Дареги
Борбордук Азиядагы Америка Университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, 720060

Бишкек жана Кыргыз Республикасы
Шашылыш байланыш:
  • Милиция - 102
  • Тез жардам - ​​103
Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек - ​​өлкөнүн эң ири шаары жана анын маданий жана экономикалык борбору. Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы укмуштуудай тоо пейзаждары, көчмөн салттары жана бай тарыхы менен белгилүү өлкө.

Виза тууралуу маалымат
Сизге Кыргыз Республикасына кирүү үчүн виза керекпи же жокпу текшерүү үчүн бул жерди басыныз.

Тили
Кыргыз жана орус тилдери Кыргыз Республикасынын расмий тилдери болуп саналат. Жергиликтүү калктын көпчүлүгү англис тилинде сүйлөбөйт.

Валютасы
Жергиликтүү валютасы - кыргыз сому (Сом). АКШ доллары жана евро Кыргызстанда алмаштырууга эң оңой чет элдик валюталар. Манас аэропортуна келген катышуучулар, келүү залында жайгашкан банкоматтар жана акча алмаштыруучу жайларды көрө алышат. Бишкекте акча алмаштыруучу жайлар жана банктар кеңири жайгашып, аэропортко салыштырмалуу жакшыраак курстарды сунушташат. БААУда эки банкомат жайгашкан.

Электр энергиясы
Кыргыз Республикасында электр энергиясы европалык стандартка негизделген 220-230В AC, 50HZ. Дубал розеткаларына сайгычтардын эки түрүн жайгаштырууга болот:
Убакыт жана аба ырайы
Жергиликтүү убакыт GMT+6. Кыргызстанда жайкы убакытка өтүү болбойт, ошондуктан убакыт алкагы жыл бою туруктуу болуп саналат. Июнь айында Бишкектин климаты адаттагыдай жагымдуу жана күн ачык, кээде ысык, күндүз орточо температурасы 25°Сден 28°Сге чейин. Кечинде абанын температурасы 22°Cге чейин төмөндөшү мүмкүн.

Тамак-ашы
Кыргыз ашканасы негизинен эт азыктарынан жасалган тамактаргы басымдуулук кылып, татымалдар аз кошулат. Салаттар жана негизги тамактарды камтыган вегетариандык тамактар да бар. Сүт азыктары рациондо маанилүү орунду ээлейт. Ресторандарда кыргыз, орус, европа, түрк, кытай жана корей ашканаларынын түрдүү тамактары сунушталат. Шаардын базарларынан жаңы мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, кургатылган жемиштердин жана жаңгактын түрлөрүн табууга болот.

Сүрөттөр:
Бишкек шаары (биринчи сүрөт), Stephen Lioy

БААУ, Коомчулук менен байланыш бөлүмү, БААУ

© Все права защищены. AUCA ALTI 2025.