Илимий китепканалар: Тренддер жана инновациялар ALTI 2025
Борбордук Азиядагы Америка университети Бишкек, Кыргызстан 12-13 июнь, 2025-жыл
Конференция жөнүндө
“Илимий Китепканалар: Тренддер жана Инновациялар” конференциясы китепканачылар жана маалымат адистерин кызматташууга, тажрыйба алмашууга жана илимий китепканаларда болуп жаткан акыркы жетишкендиктер менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул эл аралык конференция азыркы учурдагы тренддерди жана китепкана кызматында колдонулган мыкты практикаларды, технологияларды жана колдонуучулардын тажрыйбаларын изилдөө менен илимий китепканалардагы инновацияларды алдыга жылдырууну көздөйт.
Конференциянын негизги багыттары
Электрондук ресурстарды башкаруу
Электрондук кызматтар жана колдонуучулардын тажрыйбасы
Маалыматтык сабаттуулук жана санариптик көндүмдөр
Электрондук ресурстар үчүн лицензия жана автордук укук
Ачык жеткиликтүүлүктөгү басылмалар
Ачык билим берүү ресурстары (OER)
Ачык репозиторийлер
Ачык маалыматтар
Ачык илимдин эрежелери жана каржылоо
Изилдөө сабаттуулугу, импакт көрсөткүчтөрү жана баалоо
Санарип доорундагы автордук укук, укуктук жана этикалык маселелер
Санариптик гуманитардык илимдер
Санариптик китепканалар, коллекциялар жана архивдер
Мурастык материалдарын санариптештирүү жана сактоо
Санариптик коллекцияларды уюштуруу
Илимий изилдөөлөр жана талдоо үчүн санариптик куралдар
Маалыматка тең жетүү
Китепканаларда инклюзивдүү фонддор
Жеткиликтүүлүк жана универсалдуу дизайн
Инклюзивдүү китепкана мейкиндиктери
Билимдерди жана коллекцияларды деколонизациялоо
Китепканачылардын маданий компетенциялары
Китепкананы колдоо жана китепкана саясаттары
Китепканалардагы трансформациялык лидерлик
Өзгөрүүлөрдү башкаруу
Китепканалар окуу борборлору катары
Мейкерспейс жана чыгармачыл лабораториялар
Жашыл китепканалар жана туруктуулук аракеттери
Китепкана жетектеген социалдык инновациялык долбоорлор
Конференция Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) тарабынан өткөрүлөт. БААУ Борбордук Азиядагы академиялык жактан мыктылыгы менен белгилүү болгон алдынкы университеттердин бири. Бишкек Тянь-Шань тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын борбор шаары.